Снимок с официального сайта ГРС https://nomer.srs.kg по онлайн продаже автомобильных номеров. Продажа государственного номера серии 01 KG 777ААА

777ААА мамлекеттик номери 25,2 миң долларга сатылды

625
(жаңыланган 18:45 28.09.2016)
Номердин баштапкы баасы 60 миң сомдон башталган. Бул аукциондо сунушталган эң кымбат баа.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өзгөчө комбинациядагы 777ААА мамлекеттик номери аукцион аркылуу 1 миллион 716 миң сомго сатылганын аукциондун сайтында маалымдалды.

Алгач аукционго тогуз киши катышкан. Номердин баштапкы баасы 60 миң сом деп бааланган.

Буга чейин эң кымбат мамлекеттик номер 001ААА 594 миң сомго сатылган

Эскертсек, үч жарым саатка созулган аукциондон аталган өзгөчө номер үчүн акырында эки киши талашка түшкөн.

Сурамжылоо

Автоунаага кымбат номерлерди тагуу сиз үчүн мааниге ээби?
  • Маани берем. Номерлер өзгөчө көрүнөт да, сонун!
    15.1% (32)
  • Ооба. Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин
    5.7% (12)
  • Ал акчага машинемди жаңылап албаймбы
    27.8% (59)
  • Жок. Аш көп болсо, каада көп
    41.5% (88)
  • Машинем жок, андыктан мага баары бир
    9.9% (21)
Добуш бергендер: 4
Эгер жеңүүчү үч күндүн ичинде сунуштаган акчаны төлөбөсө, аукцион жокко чыгарын Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Номерди албай койгондорго төлөнгөн баштапкы баанын 10 пайызы кайтарылбайт.

Аукциондун жүрүшүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өзү көз салды.

Аукцион 21-сентябрдан бери өтүп жатат. "Кооз" цифралар деп эсептелген (мисалы 121) номер комплектилери соодалашуусуз сатылат, ал эми бирдей комбинациядагы цифралар же тамгалар ("өзгөчөлөр") алгачкы ирет онлайн-сатуу аркылуу сатылууда. 

Октябрдан тартып "өзгөчө" номерлер аймактарда сатыла баштайт. Бир айдын ичинде сатуу ишке ашырылат. Аукционго катышуунун эрежелери Электрондук тейлөө көрсөтүү www.e.srs.kg порталында "Онлайн-аукцион" бөлүмү бар, ага www.nomer.srs.kg дареги боюнча кирүүгө болот. Жеке кабинетке кирүү үчүн "Катталуу" торчосун басыңыз жана өзүңүздүн мобилдик номерди (XXX)-XXX-XXX форматында киргизиңиз; "Паспорт номери" талаасын басып, паспорттун (ID-карта) номери менен сериясын ANXXXXXXX форматында, ошондой эле өзүңүздүн ПИН-номериңизди (персоналдык идентификациялык номериңизди) көрсөтүңүз. Сиз жиберген телефон номерине онлайн-аукционго кириш үчүн сыр сөз жазылган SMS-эскертүү келет. 

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тартып кадимки "тамга — төрт цифра — тамга" болгон номерлердин ордуна үч сан жана үч тамга менен кооздолгон мамлекеттик номерлердин комплектилерин берүүнү баштаган. Бул номерлерде болгону улуттук туунун сүрөтү эл аралык Кыргызстан — KG коду менен сакталып калган.

625
Белгилер:
мамлекеттик номер, аукцион, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема:
Өзгөчө мамлекеттик номерлерди аукцион аркылуу сатуу (13)
Тема боюнча
Бүгүн 001ААА мамлекеттик номери 600 миң сомго сатылып, рекорд койду
Аймактарда "өзгөчө" номерлердин аукциону октябрда өтөт
Кыш мезгили. Архив

Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

60
Бул жумада көпчүлүк аймактарда кар жаап, бирок мурунку аптадагыдай катуу суук болбой турганы айтылды.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Ал эми жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын жаабайт. 2-3-декабрда Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Чүйдүн тоолорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. 4-декабрда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-2-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жааса, Баткен облусунда күн ачык болот. Ошондой эле Ош облусунун дыйканчылык аймактарында дагы жаан жаабайт.

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бирок Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл облусу

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүзү күн ачык болот. 1-2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 2-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 3-4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы болжолдонууда.

Ал эми 30-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаайт, Чолпон-Атада күн ачык болот. 30-ноябрда күндүз жана 1-4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан жаабайт, ал эми 2-3-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-6-декабрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган божомолу

5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

6-декабрда тоолуу жерлерге кар түшүп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

60
Белгилер:
аймак, тоо, күн, жаан, кар, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кышында унаадагы күйүүчү майды үнөмдөөнүн жолу айтылды
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

50
(жаңыланган 15:05 29.11.2020)
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов чет өлкөдө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюмдун ачылгандыгын айтты.
Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

2021-жылдын күзүндө окуучулар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АКШнын жана Европанын окуу жайларына жиберилет. Бул тууралуу Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө билим алган тажрыйбалуу адистер уюмдун ишин жүргүзөт. Учурда финансы маселеси иштелип жатат.

"Global Education Foundation (GEF) жалпы билим берүүгө салым кошолу деген жакшы максат менен ачылды. Биз өзүбүз ишкерлик менен алек болобуз. Фонддун түптөөчүлөрү эки киши. Алардын бири — Алмаз Арапов. Ал 3-4 жылдан бери балдарды чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга жөнөтүп келген. Анын тажрыйбасын жана менин да ишкерлер менен иштешүү тажрыйбамды эске алып, уюмду ачтык. Чет өлкөдө окуу ар биринин кыялы болуш керек. Ошол себептен сыртта окуп гана калбастан билим, тажрыйба алып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген үмүттөбүз. Балдарды тандап алууда атайын критерийлерди койгонбуз. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн билим берүүдө тажрыйбасы бар, таанымал адамдардан комиссия түзөлү деп жатабыз. Алар атайын конкурстук негизде тандашат. Негизги талап англис тилин жакшы билиши керек. Бюджеттик орундарга жараша мыктылары тандалып, чет өлкөгө жөнөтүлөт", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле ишкер мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберүү, жакшы окуган окуучуларга стипендия төлөп берүү иштери да пландалып жаткандыгын кошумчалады.

50
Белгилер:
жаштар, чет өлкө, билим берүү
Тема боюнча
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

0
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

0
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт