Кадамжайда 14 бала өз ата-энесин тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековШарик кармап турган баланын архивдик сүрөтү
Шарик кармап турган баланын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө тагдырдын урду-соктусуна кабылган кичинекейлер үчүн бардык шарттары менен 22 орун камдалган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Баткен облусундагы Кадамжай шаарында 14 бала өз ата-энесин тапты. Бул туурасында Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Кут кадам" деп аталган үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө ата-эне мээриминен ажыраган кичинекейлер үчүн бардык шарттары менен 22 орун камдалган.

Аталган жайдын директору Азима Караеванын айтымында, балдардын күнү-түнү калышы үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

"Азыр бизде күнү-түнү ушул жайда жашаган жети, ал эми күндүзү кала турган бир бала бар. Алар өздөрүн кадимки үйдөгүдөй сезип, ээн-эркин болсун деген максатта бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Бул жакка балдар мектеп сымал келип, окуп, тамак-аш жасаганды өздөштүрүп кетишет. Аракетибиз текке кетпей 14 бала өз ата-энесин тапты",— деди Караева.

Үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча министрликтин мамлекеттик социалдык тапшырыгынын алкагында ачылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0