Каракол шаарынын 30-40 пайыздай аймагына жарык бериле элек

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШам. Архивдик сүрөт
Шам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тийиштүү кызматтар кардан улам сынган бактын бутактарын тазалашууда.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Каракол шаарынын 30-40 пайыздай жерине жарык бериле элек, түзүлгөн ыңгайсыз абал кечке чейин чечиле турганын калаа башчысы Данияр Арпачиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскертсек, 2-октябрда күнү бою жааган жаан кечинде карга айланган. Суу карган бактарга жана электр зымдарына жармашып, алар сынып, үзүлгөн болчу

"Азыр бардык тийиштүү кызматтар иштеп жатат. Шаардын борборуна толугу менен жарык берилди. 30-40 пайыздай жерине бериле элек. Жашылдандыруу, тазалык кызматтары жана РЭСтин кызматкерлери сынган бутактарды тазалап, иш алып барууда. Вице-мэр ошолор менен жүрөт", — деди Арпачиев.

Ал ошондой эле тазалоо иштери түшкө чейин аяктап, электр жарыгын берүү кечке чейин толугу менен ишке ашарын кошумчалады. Күйүп кеткен трансформатор чечилип, эртең мененки саат төрттө оңдоо үчүн алынып кеткенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0