Памирлик кыргыздарга арналган гуманитардык жүк Оштон жөнөп кетти

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииМамлекеттик миграция кызматынын кызматкери Памир кыргыздарына арналган гуманитардык жардамды жиберүүгө даярдап жатат
Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкери Памир кыргыздарына арналган гуманитардык жардамды жиберүүгө даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк автоунаалары дүйшөмбү күнү Оштон чыкты. Гуманитардык жүк Тажикстанга, андан соң чек ара аркылуу Афганистанга барат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Өкмөт Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

7 жүк ташуучу автоунаадан турган кербен Оштон дүйшөмбү күнү жөнөтүлдү. Гуманитардык жардамга азык-түлүктөр, дары-дармектер, жылуу кийимдер жана боз үй сыяктуу буюмдар камтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Памир кыргыздарынын турмушун жакшыртууга кам көрдү
Экспедициянын курамына КРнын Өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун башчылыгы менен тиешелүү органдардын кызматкерлери, этникалык кыргыздарга медициналык кароону өткөрө турган медицина кызматкерлери болуп жалпысынан 20 киши кирди.

Гуманитардык жардамды уюштуруу үчүн өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда Кичи жана Чоң Памирде 1500дүн тегерегинде этникалык кыргыз жашайт. Жүктү жайында жеткирүү керек болчу, бирок Пяндж дарыясында суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу андан унаа менен өтүү, жүктөрдү жеткирүү мүмкүн эмес эле. Азыр суунун деңгээли төмөндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0