Майлуу-Суунун карылары кышында көмүр менен камсыздалмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөмүр кенинин кызматкерлери, архивдик сүрөт
Көмүр кенинин кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе шаардын имамы тарабынан көтөрүлүп, жакынкы күндөрү ишке ашмай болду.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын карыялары кыш мезгилинде отун, көмүр менен камсыз болот. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган шаардын имамы 1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата карыялар менен жолукту. 

"Майлуу-Суу шаарынын имамы карыялар кышында отун-суу, көмүр менен камсыз болорун убада кылды", — деп жазылат маалыматта. 

Имам мындан сырткары, мектеп окуучуларына семинар өтүп, милиция кызматкерлерине дин темасында баян курду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0