Кыргызстандык бийкеч Түркиядагы сынакта "Достук сулуусу" титулуна ээ болду

© Фото / предоставлено Бегимай Назаровой"Дүйнө кан бийкеси — 2016" эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Бегимай Назарова
Дүйнө кан бийкеси — 2016 эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Бегимай Назарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сынак Түркиянын Бодрум шаарында 24-сентябрдан 4-октябрга чейин уланды. Бул жылы иш-чара алтынчы жолу өтүп жатат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Дүйнө кан бийкеси — 2016" эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан Бегимай Назарова катышып, "Достук сулуусу" титулуна татыктуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. 

Можете меня поздравить, я стала "Miss friendship" 🙏🏼👑❤️❤️❤️

Фото опубликовано @begimain Окт 3 2016 в 12:53 PDT

Сынактын жүрүшү Түркиянын Бодрум шаарында эки жумага созулган. Анда дүйнө жүзүнөн 24 сулуу чогулган. Кыздар "Дүйнө кан бийкеси — 2016" титулу үчүн ат салышып, натыйжада жеңүүчү болуп Сибирден келген Юлия Ваганова атыкты. 

Сынактын финалдык бөлүгү кечээ Titanic Deluxe Bodrum отелинде өткөрүлгөн. 

19 жаштагы Бегимай Назарова Мамлекеттик юридикалык академияда билим алат. Хореографияга кызыгып, кайрымдуулук уюмдарда ыктыярчы болуп алектенет. 

"Дүйнө кан бийкеси — 2016" сынагы курорттук Бодрумда алты жылдан бери өтүп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0