Фото жана видеокаттоо: жол эреженин бузулушун ИИМдин call-борборунан билүүгө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматы, архивдик сүрөт
Жол кайгуул кызматы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жарандарга ишеним кат менен сатылган автоунаанын ээсин табууга жардам берет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын айдоочулары жол эрежесин бузган учурлары тууралуу маалыматты ИИМдин call-борборунан ала алат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Арак кармап унаа айдап бараткан айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочунун сазайы берилеби? Депутаттардын демилгеси
Бул жерден жарандар керектүү маалыматтарды (айып пул төлөөнүн тартиби, төлөй турган жери, кайсы банк аркылуу төлөм кабыл алынат, ЖКЭсинин бузуунун бар же жоктугу), административдик иштер боюнча бардык жагдайларды тактап жана кызыккан суроолоруна жооп ала алышат.

Ошондой эле Call-борборго кайрылган транспорттук каражаттардын ээлерине катталган административдик укук бузуулар жана айып пулдардын бар-жогу боюнча маалыматтар берилет. Мындан сырткары, ишеним кат менен сатылган автоунаанын ээсин издөөгө жана жашаган жерин аныктоого жардам көрсөтүлөт.

Call-борбордун иштегенинен бери 977 ар түрдүү кайрылуу келип түшкөн. Ошондой эле борборго кайрылган 240 адамдын маалыматтары аныкталган.

Борбордун байланыш номерлери:

0 (312) 26-64-20; 0 (312) 26-64-72; 0 (312) 26-64-68; 0 (312) 26-64-28.

Жаңылыктар түрмөгү
0