ЖМК: WhatsApp камерасынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтти

© flickr.com / Jan PersielМобилдик WhatsApp мессенджери. Архивдик сүрөт
Мобилдик WhatsApp мессенджери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы аспаптар фото жана видео жазууга же сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле камераны иштетип жатып кадрдын чен-өлчөмүн которууга болот.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Белгилүү мобилдик WhatsApp мессенджери өзүнүн камерасына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошту. Бул тууралуу Британиянын The Independent агенттиги билдирет.

WhatsApp тиркемесинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: WhatsApp колдонгон россиялык чиновниктер жумуштан айдалат
Жаңы функциялар фото жана видео жазууга же сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, бул кеңейтүү смайл жана стикерлерди кошууга, тексттерди ар түрдүү ыкмада калтырууга жол берет. Ошондой эле программаны иштеп чыккандар тартуу учурунда кадрдын чен-өлчөмүн которуу функциясын киргизишти.

Бул мүмкүнчүлүктөр фото жана видеолорду алмашууга мүмкүндүк берген Snapchat функциясына окшош. Басылма кабарлагандай, азырынча бул мүмкүнчүлүктөр менен Android телефондорунун ээлери колдоно алат, iOS-версиясын колдонуучуларына болсо жакынкы арада сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0