ЖКда өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө тыюу салган демилге талашка түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековНикелешкен жаштар. Архивдик сүрөт
Никелешкен жаштар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова демилгелеп чыккан мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өспүрүм кыздар менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Ачкычтар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жапаров: өспүрүмдөрдүн никесин кыйбай коюп сүйүүсүнө каршы чыкпайбызбы?
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова демилгелеп чыккан долбоорго ылайык, өспүрүм кыз менен үйлөнгөн бала, нике кыйган молдо, үйлөнүп жаткан баланын ата-энеси 3 жылдан 5 жылга чейин жоопко тартылат. 

Маселе каралып башталары менен КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев баарын топтоп жоопко тартуу туура эмес деген пикирин билдирди. Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешов молдонунун нике кыйганын кантип далилденерине кызыкты. 

"Мыйзам иштеп кетерине көзүм жетет. Мыйзам долбоору кабыл алынса чоң жеңиш болот. Ал эми ата-энеси сөзсүз жоопко тартылышы керек. Молдонун нике кыйгандыгын тергөөчү далилдеши керек", — деди Салянова. 

Ал эми "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев 18 жаштагы бала Бишкекте үйлөнүп алса, анда ата-энесин эмне үчүн жоопко тартуу керек деген суроону кабыргасынан койду. "Бир Бол" фракциясынын эл өкүлү Акылбек Жапаров болсо демилге балдардын тунук сүйүүсүнө каршы чыгып калбайбы деген пикирин айтты. 

"Бүгүнкү күндө өспүрүм кыздардын өлүмү абдан көбөйүп кетти. Анткен менен бир дагы ата-эне жоопко тартылбай келет. Балдары үйлөнүп жаткан соң ата-энеси же туугандары мындан кабардар болушу керек да. Акылбек Үсенбекович, алгач өзүңүздүн кызыңызды ойлосоңуз. Өспүрүм кыздар никеге туруп, эрте төрөттөн каза болуп жатышат", — деди Салянова. 

Ал эми эл өкүлдөрү Тазабек Икрамов, Нургазы Нишановдор демилге чийки экенин билдиришти. 

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0