Кемпирди жолдон жетелеп өткөргөн милиционер көпчүлүктүн алкоосуна арзыды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook пользователя Галины Шаманиной. Сотрудник Управления патрульной милиции помогает пожилой женщине в микрорайоне "Восток-5" в Бишкеке
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Галины Шаманиной. Сотрудник Управления патрульной милиции помогает пожилой женщине в микрорайоне Восток-5 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чыгыш-5" кичи районунда милиция кызматкери кемпирди колтуктап, жолдон өткөрдү. Анын бул аракетин Facebook социалдык тармактын колдонуучусу сүрөткө тартып алган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улгайган адамды жетелеп жолдон өткөргөн Кайгуул милициясынын кызматкеринин кадамы социалдык тармакта катуу талкууланууда.

Ага күбө болгон жаран аны сүрөткө жана видеого тартып алып, аны Facebook социалдык тармагына жайгаштырган.

"МАИ кызматкери улгайган апаны жолдон өткөзүп койду. Ал машиналарды токтотуп, колундагы оор баштыгын да көтөрүп жолдун аркы өйүзүнө чейин жетелеп барды. Бул кадам көңүл жылытат", — деп жазат Галина Шаманина.

Анын бул жазгандарын башкалар да бөлүшүп, бул милиция кызматкеринин үлгү алуу керектигин жазышууда.

Көпчүлүгү милиционерди алкап, ыраазычылыгын билдирип жатышат.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы өз кызматкеринин бул кадамы тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0