Жолдор айдоочуларга эле керекпи, эл баскан тротуарлар кайда?

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтынын тегерегиндеги көлчүк, архивдик сүрөт
Ала-тоо аянтынын тегерегиндеги көлчүк, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убактарда Кыргызстандын аймактарында жана борбор калаада жолдор жигердүү курулуп жатканы кубантаарлык көрүнүш. Бирок жол курууда унутта калган тротуарлар боюнча жагдайды Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

Быйыл Кыргызстан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн эл аралык Манас аэропортунан баштап Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдорду оңдоп-түздөп катуу даярдык көрдү. 

Буга байланыштуу жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" парламенттик фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев жаңы салынып жаткан жолдорго тротуар салуу унутта калып жаткандыгын айтып, Транспорт жана коммуникация министринен маселенин чоо-жайын талап кылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, ар бир курулган жолдорго эл баса турган тротуар сөзсүз курулушу керек. 

"Жаңы курулуп жаткан Балыкчы-Корумду жолун алсак бүгүнкү күнгө чейин эл баса турган жолдорду көрө элекмин. Мурда бар тротуар азыр жок", — деди депутат.

Бул суроого Транспорт министри өзү жооп берип, негизги трасса курулуп бүткөн соң эл басканга жол салынарын айтты. 

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Бишкек шаарындагы курулуп жаткан көчөлөрдүн абалына көз чаптырып көрдү. 

Алсак, мурдагы жылдары борбордун Махатма Ганди көчөсүнүн автоунаа жолу оңдоп-курулган. Андан бери убакыт өткөнүнө карабай эки тарабындагы эл баскан жол эски бойдон турат. Бул жагдайды Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов каражаттын жетишпегендиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, аталган жол Кытайдан келген гранттын эсебинен курулган.

"Мурдагы жылы Кытай тараптан Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкин жана Мухтар Ауэзов көчөлөрүн оңдоп-түзөөгө каражат келген. Биз тараптан долбоор түзүлүп, аталган көчөлөрдү оңдогонго план берилген. Тилекке каршы, Махатма Ганди көчөсүнүн тротуарларын жаңыртууга акча жетпей калган, ал эми калган көчөлөр толугу менен бүткөрүлгөн", — деди Жанболотов.

Атка минер аталган көчөнүн эл баскан жолдорун куруу үчүн мэриянын бюджетинен каражат каралып жатканын билдирди. 

"Учурда шаардагы начар жолдорду кайра салуу негизги максаттардын бири. Мамлекеттик бюджетте акча аз, ошондуктан көбүнчө чет элден келген гранттарга кайрылабыз. Кытайдан экинчи ирет жардам келүүдө", — деди башкармалыктын өкүлү. 

Ушул жылдан баштап Бишкек шаарынын ичиндеги жана конуштардагы жолдорду оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүнүп, эки жылдын ичинде 49 көчөнү оңдогонго долбоор бекитилген. Анын алкагында жаңы конуштардагы мектептердин көчөлөрүнө, коомдук транспорт жүргөн жолдорго асфальт төшөлүүдө. 

Мэрияны эстеткен жолдор…

Жолдогу чуңкурлар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кытай грантына Бишкектеги жана жаңы конуштардагы 49 көчө эки жылдын ичинде оңдолот
Шаар ичин кыдырып борбордук көчөлөрдө курулуш компаниялардын көп кабаттуу үйлөрүнө жана тегерегинде иреттүү салынган тротуарга күбө болдук. Бирок мындай көрүнүштөр саналуу гана. Тешилген, жарактан чыккан жолдор четтен табылат. Андан сырткары, көп жылдык дарактардын тамырлары жолду жарып чыгып, аңгыл-дөңгүлдөрдү пайда кылганын көрүүгө болот. 

Буга шаар тургундары нааразы. Алсак, Бишкектин жашоочусу Эмилбек Момунов начар абалдагы тротуарларды көрүп, күн сайын мэриянын жетекчилерин эстейт. Ал үйүнүн жанында жеке компания өз ишин бүтүргөн соң тешилген асфальтты ошол бойдон калтырып баса бергенин билдирди.

"Үйүмдүн аймагы аз келгенсип, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири Москва, Раззаков көчөлөрүнүн абалына деле ичим жылыбайт. Түз келе жатып эле жолдун кесилишинен чалынып жумушка кирем", — дейт Момунов. 

Аталган маселени Жанболотов бир нече фактор менен түшүндүрдү.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Нарын — Торугарт жолу: канча акча кетти, качан бүтөт?..
"Айрым учурда жаңы эле курулган жолдорду кайрадан бузууга туура келет. Анткени жердин астындагы коммуникациянын бардыгы эскирген. Кээде ошолор жердин астынан жарылып кетет. Ошол учурда тиешелүү адистер жолду бузуп, ичин оңдоп, кайра жаап коюшат. Кайсы күнү кайсы жерде эмне болоруна эч ким кепилдик бере албайт", — деди мэриянын өкүлү. 

Ал жеке компаниялар мыйзам боюнча курулуш иши бүткөн соң сөзсүз тегерегиндеги бузулган аймакка асфальт төшөп, оңдоого тийиштигин, антпесе эксплуатациядан өткөрүлбөй тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0