Казаков: интернеттин баасы мурунку боюнча калмай болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНоутбукта иштеп жаткан кыз, архивдик сүрөт
Ноутбукта иштеп жаткан кыз, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык провайдерлер август айынан тарта интернеттин баасы көтөрүлөрүн айтып, биздин операторлор бул тууралуу колдонуучуларды эскерткен.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Интернетке болгон баа мурункудай эле калат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-октябрь күнү кыргыз тарап казакстандык интернет операторлор менен жолуккан. 

"Жолугушуу учурунда казакстандык операторлор интернетке болгон бааны мурункудай калтырмай болду. Анткен менен баанын түшкөнү байкала элек. Жакынкы күндөрү 1 мегабитти 10-15 долларга чейин арзандатуу каралууда", — деди Казаков. 

Эске сала кетсек, казак тарап август айынан тарта интернеттин баасы көтөрүлөөрүн айтып, биздин провайдерлер бул тууралуу колдонуучуларды эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0