Окумуштуулар: түнкү нөөмөттө иштөө менен эмчек рагынын байланышы жок

© AP Photo / Ariana CubillosКөкүрөк операциясына даярданган кыз. Архивдик сүрөт
Көкүрөк операциясына даярданган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эксперттеринин түнкү нөөмөттө иштөө аялда эмчек рагынын пайда болушуна өбөлгө түзөт деген маанайдагы докладын жарыялаган.

БИШКЕК, 7-окт. – Sputnik. Окумуштуулар Британиядагы жарым миллион аялдын ден соолугун көзөмөлгө алып, текшерип чыгып, түнкү нөөмөттө же узак убакыт иштегендик эмчек рагына алып келет деген маалыматты четке какты. Бул туурасында РИА Новости Journal of the National Cancer Institute журналына таянып маалымдады. 

Медиктер аталган журналга жарыяланган макаласында буга чейинки жүргүзүлгөн изилдөөлөргө азыркы илимий жыйынтык каршы келгендигин айткан.

"Түнкү нөөмөттө жана узак убакыт иштеген аялдардан эмчек рагын тапкан жокпуз. Бул үчүн Британияда жаңы үч илимий толук изилдөөлөр жүргүзүлдү. Буга чейин мониторинг жүргүзүлгөн долборлордун алкагында анализдер тапшырылды",— деп айткан Оксфорд университетинин окумуштуусу Рут Трэвис.

Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
2007-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эксперттеринин түнкү нөөмөттө иштөө аялда эмчек рагынын пайда болушуна өбөлгө түзөт деген маанайдагы докладын жарыялаган. Окумуштуулар жүргүзүлгөн эксперименттерде уйкусу жана сергектиги бузулган жаныбарлардын эмчек рагынын өрчүшү байкалгандыгын айтышкан. 

Трэвис жана анын кесиптештери чын эле ушундайбы же жокпу деген маселени иликтөөгө алган. Бул үчүн алар аялдардын саламаттыгын изилдеп келген эл аралык эң ири төрт долбоордун маалыматтарын чогултуп, анализдеп чыккан. Жалпысынан алганда, ага Британиянын 800 жашоочусу камтылып, медиктер алардын иш тартибин иликтеп турган. Жыйынтыгында окумуштуулар бул сапардагы анализдер, иликтөөлөр түнкү нөөмөттө иштөө менен эмчек рагынын байланышы жоктугун далилдегенин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0