Президенттин аппараты: Атамбаев Батыров менен Отунбаеванын суранычы боюнча жолуккан

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттар арасындагы жаңжалды козуткан деп айыпталган Кадыржан Батыровдун берген маеги атайылап "тазаланганын" президенттин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Роза Отунбаеванын суранычы менен Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен болгону бир эле ирет жолукканын президенттин аппараты билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев Кадыров менен 2010-жылы апрелде жолуккан.

"Аталган жолугушуу Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын демилгеси менен болгон. Ал ошол убактагы биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевди өзбек улуттук-маданият борборунун лидерин кабыл алууну суранган", — деп айтылат маалыматта.

Президенттин аппараты Атамбаев буга чейин ал жолугушууда Батыров этникалык азчылыктарды мамлекеттик кызматка алууну суранганын бир нече жолу айтып келгенин кошумчалады. Мындай көйгөй бар экенине негизинен макул болуу менен катар эле Атамбаев Батыровдун дарегине ал жетекчилик кылган "Ватан" ("Мекен") саясый партиясынын этностук өзгөчөлүгү боюнча түзүлүшүнө карата сынын айткан.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов ЕККУда: Кадыржан Батыров өз сөзү менен өлкөдөгү тынчтыкты бузууда
"Андан тышкары Батыровго кыргызстандык өзбектерди бөлүп-жарбоого жана парламенттик шайлоого этностук ураандар менен чыгуу сыяктуу опурталдуу идеядан баш тартууга кеӊеш берген. Тилекке каршы, Батыров Атамбаевдин айтканын укпастан, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан башка тилектеш адамдарды таап алган. Жалал-Абад облусунун тургундары сепаратисттердин лидери менен кайсы саясатчылар кызматташканын, ошондой эле Батыров кылмыш жасап жатканда кайсы саясатчылардын жакын туугандары анын жанында болгонун жакшы билишет", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда 2010-жылдагы окуялар жөнүндө маалыматтын ЖМКларга көп чыгып жатышы, анын ичинде Батыровдун маеги президенттин буга чейин айткандарын тастыктап жатат. Эртеби-кечпи Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жашырып келген айрым чындыктар элге белгилүү болот.

Президенттин маалымат кызматы Кадыржан Батыровдун өзбек жана кыргыз тилиндеги маектеринин мазмуну бир топ өзгөртүлгөнүн белгилейт. 

"Кыргыз тилинде аудио-видео версиянын жоктугу "Азаттык" кыргыз кызматы тарабынан атайы саясий максатты көздөп редакцияланган болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Атап айтканда, кыргызча жана орусча тексттеринде Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү менен байланыштары болгону тууралуу Батыровдун сөздөрүн редакторлор "тазалап" коюшканын эксперттер дароо байкашкан. "Эркин Европа" Радиосу /"Эркиндик "Радиосу" администрациясы "Азаттык" кыргыз кызматынын жетекчилеринин саясый жан тартуучулугуна көӊүл буруусу зарыл экенин абдан маанилүү деп эсептейбиз", — деп айтылат маалыматта. 

Батыров 2010-жылы этникалар аралык касташууну козуткан деп айыпталып, сыртынан соттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0