Вода залила проезжую часть и тротуары на пересечении улиц Ахунбаева и Абдрахманова

Ахунбаев көчөсүндө жолду суу каптап кетти

69
(жаңыланган 12:30 07.10.2016)
Окуя болгон жерге мэрия кызматтарынан адистери жөнөп кетти.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Бишкектин Ахунбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол менен тротуарларды суу каптап кеткенин WhatsApp-канал аркылуу окурман билдирди.

Ал эми шаардын вице-мэри Эркинбек Исаков окуя болгон жерге адистер жөнөп кеткенин, учурда анын себептери аныкталып жатканын белгиледи. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

69
Белгилер:
WhatsApp, көчө, жол, суу
Тема боюнча
Суюлтулган газдын кымбатташы айдоочуларды түйшөлтүүдө
ӨКМ: Чолпон-Атадагы суу каптоого тургундардын арык каздырбай коюшу себеп болду
Бишкекте имараттар сырдалып, арыктар тазаланууда
Ысык-Көл. Архив

Ысык-Көл жүрөктү дарылайт. Россиялык космонавт өзгөчө сүрөт жарыялады

3
Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот. Сүрөт Эл аралык космостук станциядан тартылган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.

"Ысык-Көл — бул кар баскан тоолордун ортосундагы баалуу аквамарин. Ал адамдын денесин гана эмес, жан дүйнөсүн дагы дарылаган бальзам. Жүздөгөн жылдардан бери адамдарга дем берип келе жаткан Кыргызстандын бермети", — деп жазылган сүрөттүн алдына.

Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары космонавттан ушул сыяктуу сүрөттөрдү байма-бай чыгарып турууну суранышкан.

3
Белгилер:
сүрөт, космонавт, Ысык-Көл
Тема боюнча
Reuters Кыргызстандагы тоңуп калган Ара-Көл көлүнүн видеосун жарыялады
Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды

Карызы көбөйүп... Ошто Москвага жасалма билет сатты делген аял кармалды

63
Жабыркаган эки киши жасалма билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Келин бул ишке карызы көбөйүп кетип барганын айтууда.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кармалган аял эки кишиге эки жасалма билетти 86 миң сомго саткан.

"Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алгандар анда көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган Н.Н. аттуу аял үй-бүлөлүү, эки баласы бар экени аныкталды. Ал мындай ишке карызы көбөйүп кетип баргандыгын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда алдамчылыктын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн жаш балдары бар экени эске алынып, үй камагына чыгарылган.

63
Белгилер:
аял, кармоо, сатуу, билет, жасалма, Москва, Ош
Тема боюнча
Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео