Салянова: Елисеевдин лицензиясынын жаңыланышынан жаман нерсе көргөн жокмун

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылы Юстиция министринин орун басары Аида Саляновага "бакиевдин" юристинин лицензиясынын жаңыртылышы мыйзамдуу экенин айткан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Бишкекте өткөн маалымат жыйында буга чейин Максим Бакиевдин жакыны делинген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын жаңыртылгандыгын тастыктады.

Шаршемби күнү гезиттердин биринде 2010-жылы Салянова Юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп иштеп турганда юрист Елисеевдин лицензиясын калыбына келтирип берген деген маалымат тараган. Гезиттин билдиришинче, ал Максим Бакиевдин акчаларын Кыргызстандан оффшордук аймактарга чыгарып кетүүгө жардам берген.

"Министрдин кол коюусуна көптөгөн документтер келет, аларды министрликтин аппараты даярдайт. Мен ал фамилияны эстеп калгам. Анда менде баш тартууга негиз барбы деген суроо пайда болгон. Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева эч кандай негиз жок экенин айткан", — деп депутат баса белгиледи.

Салянова бул аракеттен эч кандай "криминалдык нерселерди" байкабаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0