Нефтетрейдерлер суюлтулган газдын кымбаттоо себебин айтып беришти

© AFP / JEAN-CHRISTOPHE VERHAEGENУнаага суюлтулган газ куюп жаткан май куйуучу жайздын кызматкери
Унаага суюлтулган газ куюп жаткан май куйуучу жайздын кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айынан бери унаа газынын литри 4 сомго кымбаттап, бүгүнкү күндө нарктын өсүп жатканын Нефтрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов айтып берди.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Суюлтулган газдын кымбатташына бир нече себеп бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, аталган газ август айынан бери 4 сомго кымбаттап, бир литрдин баасы 23,5 сомго жетти.

"Биринчиден, буга чейин газды Казакстандан арзан баада алчубуз, бирок ал жердеги таңкыстыктан улам баалар жогорулап, экспортко тыюу салынды. Экинчиден, учурда суюлтулган газды Россиядан алып жатабыз, ал жакта да Европа менен Азияга экспорттун күч алышынан улам нарк жогорулап жатат. Үчүнчүдөн, Кара-Балта нефть иштетүүчү завод газ чыгарбай калды", — деди Кулов. 

Ал акыркы убакта бир катар май куюучу жайларда суюлтулган газ сатылбай, ага баа барган сайын кымбаттап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0