Биринчи вице-премьер Абулгазиев чек арадагы абал менен таанышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек ара кызматкери, архивдик сүрөт
Чек ара кызматкери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухамметкалый Абулгазиев бир күндүк иш сапарынын алкагында чек арадан сырткары бир канча ишканаларды кыдырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусундагы бир катар өткөрмө пункттардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абулгазиев бүгүн, 8-октябрда, Чүй облусу боюнча бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Кең-Булун" жана "Токмок" көзөмөл-өткөрмө пункттарын, Чүй облусундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

"Кең-Булуң" өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштерине даярдыктар башталды. Көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарды модернизациялоо биз үчүн чоң мааниге ээ, анткени, алар өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чеги болуп саналат", — деди Абулгазиев. 

Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш
Андан соң биринчи вице-премьер Чүй районунун Искра айылындагы "Искра Азия" ишканасына барды. Бул жердеги канаттуулар фабрикасы 2010-жылы кыргыз-кытай өкмөт аралык келишиминин негизинде уюштурулган. Ишкана суткасына 24 миң балапан чыгарып, жалпы республика боюнча сатылат. Учурда продукцияны Кытайга экспорттоо маселеси каралууда. 

Жыйынтыгында Абулгазиев Чу дайрасындагы суу каналынын жыйынтыкталбаган курулушун жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын башкы суу топтоочу жайынын иши менен таанышты. 

Аталган объектилерди кыдырып чыкан соң, биринчи вице-премьер бир катар тапшырмаларды берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0