Кыргызстандагы теракт боюнча божомолун АКШнын артынан Британия элчилиги да айтты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүБритания желеги. Архивдив сүрөт
Британия желеги. Архивдив сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипөкүлчүлүк өзүнүн жарандарын кыраакы болуп, эл көп топтолгон жайлардан алыс жүрүүгө чакырды. Андан сырткары тартип коргоо органдары менен бийликтин коопсуздук жаатында айткандарын так аткарууну өтүндү.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги өлкө аймагында теракт болушу мүмкүндүгүн билдирип, жарандарын сак болууга чакырды. Бул туурасында маалымат дипломатиялык өкүлчүлүктүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жайгаштырылган.

УКМК кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
АКШ элчилиги УКМКга теракт коопсуздугу боюнча маалымат берген эмес
Элчиликтин маалыматында октябрда теракт кооптуулугу өсүп, балким, дипломаттар менен бийлик өкүлдөрүн уурдоо жана барымтага алуу фактылары кездешери айтылат. Британиянын жарандарына келтирилген кооптуулук боюнча маалыматтардын жоктугуна карабастан, аталган өкүлчүлүк жарандарын кыраакы болуп, эл көп топтолгон жайлардан алыс жүрүүгө чакырды. Андан сырткары тартип коргоо органдары менен бийликтин коопсуздук жаатында айткандарын так аткарууну белгиледи.

8-октябрда АКШнын Бишкекте жайгашкан элчилиги Кыргызстанда октябрь айында бийликке жана чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул боло тургандыгы тууралуу маалымат алгандыгын айткан. Алар америкалык жарандарды теракт кооптуулугунан улам сак болууга чакырган билдирүү тараткан.

Ал эми АКШнын элчилигинин билдирүүсүнөн кийин КРдин УКМКсы бардык тобокелдиктерди салмактап, баалап жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн болгон чараларды көрөрүн кабарлаган.

УКМК АКШнын басылмаларга чыккан билдирүүсүнөн башка алардан эч кандай ыкчам маалымат келе электигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0