Футбол беттешинен улам эртең Тоголок Молдо көчөсү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол жабык унаа белгиси, архивдик сүрөт
Жол жабык унаа белгиси, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция коомдук-саясий кырдаалды эске алып, мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн бир катар аракеттерди көрдү.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча жолдоштук беттешүүсү учурунда Бишкектин Тоголок Молдо көчөсү жабыла турганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Оюн эртең, 11-октябрь күнү саат 20.30да Тоголок М олдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Коомдук тартипке 2000ге чукул милиция кызматкери көз салат. ИИМ укук коргоо органдары коомдук-саясий абалды эске алуу менен мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

"Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү жабылып, аймакка жакын токтотулган унаа ээлери үчүн түшүндүрүү иштери жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге унааларды Спорт сарайы менен аталган стадиондун жанына токтотууга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0