Коеналиев: Роза Отунбаева резиденциядан чыгарылган жок

© Фото / посольство КР в РФЭкс-президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү
Экс-президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда жана ЖМКларда экс-президент Роза Отунбаева резиденциядагы үйүнөн чыгарылды деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаева Мамлекеттик резиденцияда жашап жатканын КР президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Туруспек Коеналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жана ЖМКларда экс-президент Отунбаева резиденциядагы үйүнөн чыгарылды деген маалыматтар тараган.

"Мунун баары тең ушак. Роза Исаковнаны чыгарган жокпуз, чыгарбайбыз дагы. Экс-президентти резиденцияга жайгаштыруу боюнча президенттин буйругу бар. Ошонун негизинде эле Роза Отунбаева резиденциядагы үйүндө жашап жатат", — деди Коеналиев.

Отунбаева резиденциядан чыгарылды деген кептин тарашына Эгемендүүлүк күнү Атамбаевдин Убактылуу өкмөттүн дарегине айткан сынынан улам экс-президенттин аянттан кетип калышы түрткү болгон. 

Отунбаева 2010-жылдын июль айынан 2011-жылдын декабрына чейин Убактылуу өкмөттү жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0