Текебаев: бийлик мени террорчулар менен байланыштыргысы келүүдө

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев террористтик акцияларды бийлик өзү уюштурушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бийлик Өмүрбек Текебаев менен террористтердин байланышы бар деген ойду элге сиңиргиси келип жатат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, АКШ менен Улуу Британиянын элчилиги жөн жерден теракт тууралуу маалымат тараткан эмес.

"АКШ менен Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстанда теракт коркунучу бар экенин билдирип, адам уурдоо, барымтага алуу болушу мүмкүндүгүн айтып чыкты. Алар да кандайдыр бир маалыматтарга таянуу менен айтышууда. Ошол эле учурда бир нече күн мурун өзүлөрүн кыргызстандыкпыз деп тааныштарган үч маскачан киши Кыргызстанга, Алмазбек Атамбаевге коркутуу сөздөрүн айткан. Бирок УКМКдан ЖМК аркылуу ошол маскачан адамдардын сүйлөгөн сөзү Өмүрбек Текебаевдикине окшош болуп жатат. Эмне үчүн окшош болуп жаткандыгын териштирип жатабыз деп айтышты. Текебаев менен террористтердин байланышы бар деген ойду элге сиңиргиси келип жатат", — деди депутат. 

Ал теракт тууралуу маалыматтын артында бийлик өкүлдөрү турушу мүмкүндүгүн кошумчалады. 

"Теракт тууралуу маалымат чын болсо артында ким турат? Чын эле "Ислам мамлекети" турабы? Же биздин атайын кызматтагы адамдар бир-эки террордук акцияларды жасап элдин үрөйүн учуруу менен президенттин айланасына элди бириктирүүгө аракет кылабы? Анткени көптөгөн авторитардык өлкөлөрдө башын көтөргөн оппозицияны токтотуп, элди ынтымакка чакыруу үчүн ушундай кадамдар жасалат. Анан ошондой шумдун арасында тигил-же бул кишини жок кылып, террористтерге шылтап коюшу мүмкүн. Жеке мени деп конркеттүү айта албайм", — деди "Ата-Мекендин" лидери.

Эл өкүлү ага каршы чыга турган бийликте реалдуу саясий күчтөр бар экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент баштаган депуттар Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөргөндө Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыккан. Ушундан улам президент менен Текебаевдин чыры ырбап кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0