"Аялдамага барабыз" кыймылынын активисттери мэриянын колдоосуна ээ болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук такси. Архивдик сүрөт
Маршруттук такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрда активисттер менен калаанын вице-мэри Геннадий Милицкийдин катышуусунда өткөн тегерек столдо брошюраларды чыгаруу демилгеленген. Кийин Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишине тосмо орнотулду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бир ай мурда Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде "Аялдамага барабыз" аттуу акция башталып үч жумадан кийин аяктады.

Телефонго тартып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырсык тууралуу ӨКМге смартфондон билдирүү жөнөтүүгө жол ачылды
Акциянын максаты — жарандарды жол коопсуздугун сактоого чакыруу болуп эсептелет. Кыймылды жаштар уюму болгон "Kyrgyz Union", MSPS, Sidok, "Түкүрбө" жана "Манас" клубу уюштурган. 

Үч жуманын ичинде активисттер транспаранттарды көтөрүп айдоочуларды ой келди жерге токтобоого чакырып, жөө жүргүнчүлөргө аялдамага барууну сунушташкан. 

"Тилекке каршы, айрымдар акцияга каршы чыгышты. Бир айдоочу унаасынан чыгып активисттердин биринин баш кийимин жулуп алып ыргытып жиберди. Мушташууга даяр турду. Биз аны менен кайым айтышып отурбастан жоошутууга аракет жасадык. Анткен менен жарандардын 95 пайызы акцияга оң баасын берди", — дейт "Kyrgyz Union" коомдук бирикмесинин төрагасы Талгат Молдалиев. 

4-октябрда активисттер менен калаанын вице-мэри Геннадий Милицкийдин катышуусунда өткөн тегерек столдо брошюраларды чыгаруу демилгеленген. Кийин Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишине тосмо орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0