Төрөбаев: элчиликтер кайсы фактыга таянып теракт тууралуу айтканын негиздеп берсин

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы баш болуп, элчиликтер менен кошо маалымат бериши керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. АКШ менен Улуу Британиянын элчилиги кайсыл фактынын негизинде теракт коркунучу бар деп маалымат таратканын айтып берсин. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте күн тартиби каралып жаткан учурда билдирди. 

Эске сала кетсек, АКШ менен Улуу Британия элчиликтери октябрь айында Кыргызстандын аймагында теракт болуу коркунучу бар экенин айтышкан. 

"АКШ жана Улуу Британиянын элчиликтери октябрь айында Бишкекте теракт боюнча эскертүү беришти. Кечээ күнү элчиликтин өкүлдөрүн комитетке чакырып, "эмненин, кайсыл фактынын негизинде ушундай маалыматтарды таратып жатасыздар?" деп сурадык. Алар эки күн бергиле, так маалымат беребиз дешти. Ошондуктан бул маселени эртеңкиге коюп, маалымат уксак. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да келсин", — деди Төрөбаев. 

Эл өкүлү теракт тууралуу маалымат чыгары менен эл арасында кооптонуу жаралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0