Дельфин бассейнинин ремонттон кийинки көрүнүшү

Бишкек мэри "Дельфин" бассейнинин ремонтун көрдү

121
(жаңыланган 17:20 13.10.2016)
Бассейнди оңдоо иштери 1-октябрга чейин бүтпөй калган. Мындан тышкары, Башкы прокуратура ремонт иштерине жарыяланган сынак боюнча кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардагы "Дельфин" бассейнинин оңдоо иштери менен таанышып чыкканын мэрия билдирди.

  • Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардагы Дельфин бассейнинин оңдоо иштери менен таанышып чыкты
    Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардагы "Дельфин" бассейнинин оңдоо иштери менен таанышып чыкты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жооптуу адистер ремонт иштери өз мөөнөтүндө аяктай турганын белгилешти
    Жооптуу адистер ремонт иштери өз мөөнөтүндө аяктай турганын белгилешти
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Дельфин бассейнинин ремонтко чейинки көрүнүшү
    "Дельфин" бассейнинин ремонтко чейинки көрүнүшү
    пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Эскерте кетсек, шаар башчысы үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда бассейнди 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган.
    Эскерте кетсек, шаар башчысы үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда бассейнди 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардагы "Дельфин" бассейнинин оңдоо иштери менен таанышып чыкты

Жооптуу адистер ремонт иштери өз мөөнөтүндө аяктай турганын белгилешти.

Эскерте кетсек, шаар башчысы үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда бассейнди 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары 30-сентябрда аталган жайга барганда оңдоо иштери жүрүп жатканына күбө болушкан.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура "Дельфин" бассейнинин реконструкцияланышы боюнча 304-берене менен 306-берененин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргызстандык кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү") негизинде кылмыш ишин козгогон. Прокуратура ремонт иштерин жүргүзүү үчүн жарыяланган сынактын жүрүшү мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бузулганын белгилеген. 

121
Белгилер:
бассейн, Бишкек мэриясы, Албек Ибраимов
Тема боюнча
Мэр Ибраимов дагы бир парк курууну тапшырды
Прокуратура "Дельфин" бассейнин оңдоо боюнча кылмыш ишин козгоду
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

19
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

19
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
Аялдамада маршрутканы күткөн жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды

83
(жаңыланган 12:31 19.01.2021)
Укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат бергендерге анонимдүүлүк кепилдиги бар деп ишендирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.

"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.

Эске салсак, маршруткалардын айдоочулары 18-январда жол кирени жогорулатуу талабы менен нааразычылык акциясын өткөрүүнү убада кылышкан. Мэрия өз кезегинде акцияны уюштурган тараптарды лицензиясынан ажыратарын айткан. Милиция да мыйзам бузуулар катталса, чара көрүлөрүн эскерткен.

Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.

83
Белгилер:
эскертүү, милиция, акция, иш таштоо, маршрутка, коомдук транспорт, Бишкек
Тема боюнча
Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео
Бишкектеги аялдамаларда маршрутка күткөн эл адаттагыдан көппү? Сүрөт, видео
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

0
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

0
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди