Абактагы адам, архив

MegaCom иши боюнча Алмаз Абеков 25 жылга эркинен ажыратылды

186
(жаңыланган 18:28 13.10.2016)
Абеков катуу режимдеги колонияга мүлкүн конфискациялоо менен кесилди.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. MegaCom компаниясынын башкы директорунун мурдагы кеңешчиси Алмаз Абековду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 25 жылга эркинен ажыратканын анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

2012-жылы январда УКМК "Альфа Телеком" ЖАКтын ишинен коррупциялык схемалар аныкталып, компаниянын эсебинен 142 миллион сом мыйзамсыз чыгарылганы айтылган. Кийин УКМК уюлдук компаниядан оффшордук аймакка кошумча 6 миллион доллар чыгарылып кеткенин билдирген.

"Абеков катуу режимдеги колонияга 25 жылга мүлкүн конфискациялоо менен кесилди. Ошондой эле ал келечекте мамлекеттик кызматтарда иштей албай турган болду. "Альфа Телеком" компаниясынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Анын дагы мүлкү конфискацияланды. "Новострой Сервис" ЖАКтын башчысы Кенжебек Аман уулу дагы мүлкү конфискацияланып 8 жылга кесилди", — деди Айткулов.

Абековдун жактоочусу Икрамидин Айткулов сотко кире алган эмес. Ал буга чейин аны сот жараянына киргизбей, Абековго башка адвокат берилгенин айткан болчу.

186
Белгилер:
сот, адвокат, MegaCom, Алмаз Абеков
Тема боюнча
Юрист: MegaCom боюнча сотто айыпталуучунун адвокаттары киргизилген жок
Ахматбек Келдибековго карата чыккан мурунку өкүм күчүндө калды