Ак-Талаа: бир үй-бүлө эки окуучу кызын бир күндө күйөөгө берип жиберди

Жазылуу
Маалыматтарда турмушка берилген кыздардын улуусу быйыл 11-класска, ал эми экинчиси 10-класска бара тургандыгы айтылат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы жашы жете элек кыздарын 11-октябрь күнү күйөөгө берип жиберген. Бул туурасында Ак-Талаа райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары Жылдыз Мамбетова билдирди.

"Аталган окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу кыздар жашаган үйгө барып, ата-энеси менен сүйлөштү. Акт түзүлүп, кыздардын ата-энесинен түшүнүк кат алынган. Анда ата-эне кыздары өз каалоосу менен турмушка чыгып кетишкенин билдирген", — деп айтты райондук администрациядан.

Маалыматта кыздардын атасы 43 жашта, энеси 36 жашта экендиги, үй-бүлөнүн алты баласы бар экендиги айтылат.

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
Окуянын чоо-жайы туурасында Байгөнчөк айылынын башчысы Нурлан Иманкулов айтып берди.

"Турмушка берилген кыздардын улуусу быйыл 11-класска, ал эми экинчиси 10-класска бармак. Бул окуя болгондон кийин айылда аким, райондук ИИБ башчысы жана райондук билим берүү, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы катышкан жыйын уюштурулуп, аталган окуя талкууланды",— деп билдирди Иманкулов.

Кыздар мектепке 1-сентябрдан тарта барбай калган. Бул туурасында аталган айылда жайгашкан Табрис Оторов атындагы орто мектептин директору Элнура Бекишова төмөнкүлөрдү айтты.

"Кыздар сабакка келбей калгандан кийин, мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, мен болуп бир нече ирет барып, мектепке эмнеге келбей жаткандыгын сурадык. Буга ата-энеси кыздарды медициналык училищеге окута турганын айтышты. Акыры ата-энесинен түшүнүк кат жаздырып алгам. Акыркы барганымда атасы дааватка кеткендиктен жолуга албадым", — деди Бекишова.

Атын атагысы келбеген айылдаштарынын бири бул үй-бүлө диний көз карашты бекем карманып, үйдөгү кыздары менен аялдары хиджап кийип, энеси бетин жаап жүрөрүн айтты.

"Байке (үй-бүлөнүн башчысы – ред.) дыйкан чарбада болучу. Азыр дааватка бир нече айлап, кээде 40 күндөп чыгып кетет. Кыздары оронуп, балдары сүннөт кийимчен (шалбыраган дамбал, көйнөк) жүрөт. Алар телевизор көрүүдөн, радио угудан баш тартышканын байкагам",— деди ал.

Айыл башчысы кыздардын улуусу райондун борбору Баетов, ал эки кичүүсү кошуна Ак-Кыя деп аталган айылга турмушка чыккандыгын кошумчалады.

"Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү натыйжасыз болду, себеби өз түшүнүктөрүн таңуулоо менен биздин жеке үй-бүлөлүк ишке кийлигишпөөбүздү жана бул тууралуу маалымат чыгарбоону суранышты", — деп айтылат райондук администрация тараткан маалыматта.

Акимдин орун басары учурда бул факты балдар иштери боюнча комиссиянын отурумунда каралып, тиешелүү укук коргоо органдарына мыйзамдуу баа берүү жагы тапшырылгандыгын билдирди.

Кыздардын атасы: жуучу келди, бердим

Кыздардын атасы менен байланышканыбызда, кыздарына жуучу келгендиктен бергендигин, алар деле каршы болбогондугун айтты.

"Азыр такыба балдар табылбайт да. Дааватка чогуу чыкчубуз. Өздөрүнүн каалоосу менен кетишти. 9-классты бүтүшкөн, күбөлүктөрүн алышкан. Жуучу келсе, кызыңарды эртерээк бергиле деп Алланын элчиси пайгамбар айтып кеткен. Кыздарым 18ге чыкканы деле калышты. Туура эле деп ойлойм, карыганда күйөөгө бермек белем. Милиция аларга да барды, кыздардан түшүнүк жазып алышты", — деди үй ээси. 

Кыздардын атасынан өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган мыйзам долбоор бар экендигин, ал президенттин кароосуна жөнөтүлгөндүгүн айтып, бул боюнча пикирин сурадык.

"Эгер күнөөлүү болсок отуруп келебиз да",— деди ал. 

5-октябрда Жогорку Кеңеште өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган мыйзам долбоор талкууга алынып, үчүнчү окууда көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. 

Мыйзам 18 жашка чейинки кыз-балдардын турмуш куруусуна тыюу салат. Өспүрүм кызга менен баш кошууга шарт түзгөндөрдү 3-5 жылга камоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0