Мэрия Бишкектин аз камсыз жашоочуларына көмүр тарата баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекУголь для раздачи малоимущим горожанам Бишкека
Уголь для раздачи малоимущим горожанам Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы 332 үй-бүлөгө жыгач отун берет, буга шаар боюнча 498 куб отун каралган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына бекер көмүр тарата баштаганын муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, мында 4393 үй-бүлө отун менен камсыздалып, ар бир үйгө 1,5 тонна көмүр каралган.

"Ленин районунда 1525, Октябрь районунда 500, Биринчи май районунда 1168 жана Свердлов районунда 1200 үй-бүлөгө бекер көмүр берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы 332 үй-бүлөгө жыгач отун берет, буга шаар боюнча 498 куб отун каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0