Өкмөт гемодиализдик тейлөөгө муктаж бейтаптар үчүн акча бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЛечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке
Лечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ММКФ жеке медициналык борборлор менен түзүлгөн келишим боюнча ар бир оорулууга сеансы үчүн 4500 сом төлөсө, калган 2000-2500 сом каражатты бейтап өзү төлөшү шарт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2017-жылы өнөкөт бөйрөк оорусунан жапа чеккен 118 оорулуу жеңилдетилген шартта гемодиализдик тейлөө алуусун улантат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Гемодиализ кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматынын сапатын жакшыртат
Буга чейин өкмөт Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 оорулуунун гемодиализдик тейлөөсүн каржылоо үчүн 60 миллион сом бөлгөн. 

Буйрукка ылайык, ММКФ жеке медициналык борборлор менен түзүлгөн келишим боюнча ар бир оорулууга сеансы үчүн 4500 сом төлөсө, калган 2000-2500 сом каражатты бейтап өзү төлөшү шарт.

"Учурда мамлекеттик бюджет эсебинен 552 бейтап гемодиализ алып, 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо турат. ММКФ эсебине ылайык, 118 өнөкөт оорулуунун муктаждыгын каржылоо айына 6 миллион 938,4 миң сомду түзөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Фонд аркылуу жогоруда аталган бейтаптарга 24 миллион 568 миң 600 сомдук 5 миң 14 процедура төлөнгөн, жыл соңуна дейре дагы 35,5 миллион сом төлөп берүү каралууда.

Ооруканада дарыланып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт гемодиализге муктаж 118 жаран үчүн 60 млн. сом бөлдү
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, ММКФ боюнча бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккендердин гемодиализдик процедураларын төлөөгө 86 миллион сом пландаштырылган.

2016-жылдын 13-октябрына карата өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган каттоого кирбеген оорулуулардын саны 81 адамды түзөт. Өкмөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын дарылануусуна 2017-жылдын бюджетине кошумча түрдө 100 миллион сом караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0