Белгилүү ырчы, обончу Нурлан Тиллебаев көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова
Торжественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум КТРКда режиссерлук кесипти аркалап, кыргыз элине гитаранын коштоосундагы ырлары менен таанылган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, обончу, телережиссер Нурлан Тиллебаев бүгүн таңга маал көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары билдирди. 

Ажыдагы мусулмандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапар учурунда эки зыяратчы көз жумду
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Баткен районунун Самаркандек айылына коюлат. Жакындарынын айтымында, Тиллебаев жолдо каза болгон.

Белгилүү өнөрпоз КТРКда режиссерлук кесипти аркалап, кыргыз элине 90-жылдардын башында гитаранын коштоосундагы ырлары менен таанылган. 

Акыркы кездери ооруп жүргөн Тиллебаевге социалдык тармактын колдонуучулары жана кесиптештери акция уюштуруп, каражат жактан жардам беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0