Абдылдаев: Казакстандын интернетке койгон баасы акылга сыйбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү
КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин ТИМ башчысы маселе жакынкы күндөрү чечилерин баса белгиледи.

АСТАНА, 17-окт. — Sputnik. Казакстандын интернетке койгон баасы акылга сыйбайт. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Астанада студенттер менен жолугуу учурунда билдирди. 

Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын транзиттик операторлору Кыргызстан үчүн интернеттин баасын төмөндөтпөй турганы тууралуу кеп тараган. Социалдык тармактардын пайдалануучулары интернеттин начар сапаты тууралуу жана ылдамдыкты текшерүүчү тесттердин жыйынтыгын жарыялай башташкан. Натыйжада интернеттин ылдамдыгы операторлор айткандан кыйла төмөн экени айкын болгон. 

"Казакстан Россиядан 1 мегабайт интернетти 1,5 доллардан алып, бизге 30 доллардан сатууда. Бул акылга сыйбай турган баа. Андыктан маселени чечүү жолдорун карап жатабыз", — деди Абдылдаев. 

Министр ЕАЭБдин алкагында бардык мүчө өлкөлөргө бирдей шартар түзүлүшү керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0