Жаштар ишеничти актайбы же жарга такайбы: азыркынын кыйын жаштары кимдер?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз республикасынын желеги
Кыргыз республикасынын желеги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асыл — таштан, акыл — жаштан. Дал ушул кепке таянып, жаштар бийликке келсе итибиз чөп жейт дегендер көп. Муну менен бирге жаштар ишеничти актабай жатат дегендер да жок эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет саясий талаада тапталып жаткан жаштарды тизмектеди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Өлкө башчы 31-август эгемендүүлүк майрамына карата бир канча адамдарды сыйлап, төш белгилерди такты. Алардын катарында президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да бар. Ал экинчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Исаковдун жогорку даражадагы орден алышын айрымдар мактоого алса, кай бирлери караманча каршы чыгышты. Деги эле бүгүнкү күндө бийликке жаштар келсе заман өзгөрүп, мамлекет өнүгөт дегендер арбын. Жаштар ишеничти актабай койду дегендер да жок эмес. 

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги саясий айдыңда төбөсү көрүнгөн жаштарды тизмектөөнү эп көрдү. Кимиси ишеничти актап, кайсынысы мүдүрүлүп жатканын сиз да айтып, добуш бериңиз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0