Жоголгон Баш мыйзамды интернеттегилер да "издеп" жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook пользователя Ардак Ж.
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Ардак Ж. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү парламенттин жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экенине кызыгып, таппай, аны жабыла издей башташты.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 19-октябрда болгон жалпы жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча маселе көтөрүлгөн. Анда КСДПчы депутат Данияр Аттокуров Үмөталиеванын билдирүүсүнө таянуу менен чын эле Конституциянын түп нускасынын бар-жогуна кызыккан. Бул маселе боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да пикирин айтып, депутаттар талашып-тартышты. 

Ал ортодо жоголду делген Баш мыйзамды интернет колдонуучулар да "издей башташты". 

Тынчтык Кожобеков ким Конституцияны көрүп калса, ага кабарлап коюуну жазды. 

Элнура Кулуева Баш мыйзамдын түз нускасы эч бир жерден табылбай жатканын жазды.  

Америкада жашаган Камит Савай Конституция табылса тийиштүү жактарга берүүгө чакырды. 

Белгилүү үн режиссеру Назгүл Жамгырчиева Баш мыйзам издөөдө экенин жазды. 

Акбалык Калыевна аттуу колдонуучу уурулук өнөкөт дартка айланганын каңкуулады.  

Ал эми Ардак Ж. аттуу интернет колдонуучу Конституциянын түп нускасы автоунаанын бардачогунда калып калышы мүмкүн экенин божомолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0