ӨКМ адам өмүрүн сактоого багытталган автоматтык системаны сынады

Жазылуу
Онлайн система өрт өчүрүү жана медицина кызматкерлеринин кырсык болгон жерге тез жетип баруусун камсыздоого шарт түзөт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өмүрүн сактап калууга жол ачкан автоматтык системаны сынап көрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, аталган система чукул кырдаал жаралган аймактарга куткаруучулардын ыкчам жетип баруусуна шарт түзөт. 

"Оnline 112 жаңы мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Ал аркылуу жарандар күбө болгон окуяны сүрөткө же видеого тартып жибере алат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай система аркылуу өрт өчүрүү жана медицина кызматкерлеринин кырсык болгон жерге тез жетип баруусун камсыздоого шарт түзүлөрү белгиленет. Программа 2017-жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0