Кыргыз адистери Индияда окуучуларга ысык тамак берүү тажрыйбасын үйрөнүп жүрөт

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация Индияда дагы бир жума болуп, аталган тармакта иш алып барып жаткан мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын иш-тажрыйбасы менен таанышат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандык адистер башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен бекер камсыздоо боюнча Индияда тажрыйба үйрөнүп жүрөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан сайтына маалымат илинди. 

Бул иш "Кыргызстандагы мектептерде ысык тамак менен камсыздоо боюнча мамлекеттин саясатын алдыга жылдыруу" долбоорунун алкагында жасалууда.

"Бул жаатта Индиянын эбегейсиз тажрыйбасы бар. Ал ар кыл кептердин жана пикирлерди, кайсы бир деңгээлде таң калууну жараткан", — деп айтылат маалыматта. 

Тарелкага салынган тыйындар, кашык жана вилка, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ден соолукпу же билимби? Мектептеги түшкү тамакты жоюунун күңгөйү жана тескейи
Делегация Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтеринин, БУУнун тармактык уюмунун жана аталган фонддун өкүлдөрүнөн турат. 

Кыргызстандыктар алгачкы күнү, тагыраагы кечээ Адам ресурстары министрлигинде болуп, бир топ маалыматтарды алган. 

Делегация Индияда дагы бир жума болуп, аталган тармакта иш алып барып жаткан мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын иш-тажрыйбасы менен таанышып, үйрөнмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0