Аларга "күйөрмандар менен жолугуп калсаңыз, кандай кабыл аласыз?" деген суроону кошко узаттык.
Ден соолугумду чың алып жүрүү үчүн жок дегенде жумасына 2-3 жолу бассейнде сууда сүзөм. Кээде жолугушууларга барганда кафелерде жабык жерлеринде отуруп баарлашам. Ошондуктан эл мени көп көрө бербесе керек. Негизи кафеге деле барганга убакыт жок, той-аштар болгондо, албетте, тууган-тушкандан четте калбай катышканга аракет кылам.
Ал эми дем алыш күндөрү кепканы баса кийип мал базарды, унаа базарды кыдырам. Адистигим боюнча фермермин, зоотехникмин. Жекшемби күндөрү мал базарга барып койдун, кочкордун асыл тукумдарын издейм, тапсам дароо сатып алып багам. Ошондой эле Таласта үч жылдан бери бак тигип келем. Алма, өрүк, алмуруттун түрлөрү бар. Балдарымды дагы ушундай эмгекке үйрөтүп келем.
— Менин иш убактым саат эртең менен саат 8.30да башталып кечки 7де бүтөт. Сессия кеч аяктаса, андан да кеч чыгабыз. Иш күнү аяктаган соң үйгө барып тамактанып алып жумасына үч жолу фракциянын депутаттары, катчылыктын кызматкерлери менен футбол ойнойм. Кечки саат 8ден 10го чейин "Динамо" аянтчасында болобуз. Жакшылыктарда, тууган-тушкан, достор чакырганда эле барганым болбосо кафе, ресторандарда жүрүүгө убакыт жок. Түштө Жогорку Кеңештин ашканасынан тамактанам.
Дем алыш күндөрү балдарым менен сейил бактарга чыгууга аракет кылам. 1-класста окуган кызымды "Ата Түрк", "Фламинго" парктарына алып барып эс алдырып келем.
Бош убакыт болуп калса достор менен футбол ойнойм, үй-бүлөм менен шаар сыртына чыгып эс алабыз. Мени таанып-билген замандаштар менен коомдук жайларда жолугуп калганда ар кандай болот. Кээ бирлери сын айтат, айрымдары жакшы сөз айтат, сүрөткө түшүп кетишет. Албетте, жарандар менен дайым байланышта болуп алар менен баарлашкан мени кубандырат. Депутаттар үчүн элдин көйгөйүн билип туруу маанилүү да.
— Мен акыркы учурларда Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырууну, фото аңчылыкка чыгууну жактырып калдым. Биринчи автоунаа, кийин ат менен, азыр жөө басканга көнүп алдым. Кыргызстандын булуң-бурчунун жарымын кыдырып бүттүм окшойт. Азыркы мезгилдерде дем алыш күндөр болсо эле башка облустарга атайын топ менен кетебиз. Айына эки жолу барууга аракет кылабыз.
Үйдө болгондо неберелерим келет, алар менен сейил бактарга, соода борборлорундагы жана башка эс алуу жайларына барабыз. Ошондой эл, кээде адамдар менен жолугушуу үчүн кофейняларда баарлашам. Эл мени көрүп-таанып калса, кубануу менен кабыл алып, жылуу учурашып, каалоочулар менен сүрөткө түшөм.
Ал эми балдарым менен ишемби, жекшемби күндөрү шаар сыртындагы үйүмө барып, майда-барат иштер менен алектенем. Аларды такай эс алдырып турам десем калп айткан болом. Мурда волейбол оюнун абдан жакшы көрчүмүн, азыр жок дегенде жумасына эки жолу ойноп калсам кубанам.
— Бизде дем алыш деген жок. Тескерисинче, ошл күндөрү тойлорго барып ырдайбыз. Жумуш кечинде башталат. Күндүз деле эс алууга убакыт жок. Бий тобум бар, аны менен күн сайын даярданабыз. Ырлардын үстүнөн иштейбиз, клип тарттырабыз. Чынында алдын-ала эмне кыларыбызды айта албайбыз.
Ойлоп көрсөм, үй-бүлөбүз менен кечинде бирге чогулуп тамактанып, баарлашканыбыз мен үчүн эс алуу экен. Ал эми баскан-турган жерлерди айтсам, эл катары эле биз дагы коомдук жайларда жүрөбүз. Күйөрмандарым таанып калса "сүрөткө түшөлү" дейт, жакшы кабыл алам, элден качпайм, жылуу учурашып, кол тамгамды берип, сүрөткө түшүп коем. Жөнөкөй эле ашканаларда түштөнгөндү жактырам.
Үй-бүлөм менен ресторандарга, тойлорго, шеринелерге барам. Мурда жаңы белгилүү боло баштаганда элден тартына берчүмүн. Азыр баарына көндүм. Кадимкидей эле эл катары дүкөндөргө барып азык-түлүк алып, эл жүргөн жерде басып жүрөм. Күйөрмандарым кол тамга сурап, сүрөткө түшүүнү каалашса, баш тартпайм. Аларды сыйлайм. Өнөр адамдары элдин адамы дегендей, алардын көңүлүн оорутпаганга аракет кылам.
— Чынында иштен кийин бош убактым жокко эсе. Бош убакыт табылып калса театрга, классикалык концерттерге барууга аракет кылам. Китеп окуйм.
Акыркы учурларда жакын санаалаштарым менен шаардын бир бурчундагы жакшы кофейняларды тандап алып ошол жерде баарлашабыз. Маданият, коом, адабият жаатында сөз козгоп, ой бөлүшөбүз. Арабызда акындар дагы бар, жаңы чыгармаларына күбө болобуз. Сиңдим менен Эркиндик бульвары жана Түштүк дарбазада сейилдейм. Мени замандаштарым таанып калса, жакшы пикирлерин айтып, сүрөткө түшүп кетишет. Бардыгын жакшы ниет, маанай менен кабыл алам.
— Мен сыртта көп иш менен көп жүргөндөн уламбы, бош убактымды көбүнчө үй-бүлө менен өткөрүүнү жактырам. Үйдө тамак жасап, кызыма көңүл буруп, үйдөгү иштерим менен алектенем. Эл бар жерде дайым бармын. "Сүрөткө түшүп, селфи кылып, автограф алсак болобу" деп кайрылгандарды кубануу менен кабыл алам, баш тартпайм. Өнөр чөйрөсүндө жүргөн адамбыз. Бул нерсени четке какпай сүрөткө түшүп коем.
Ал эми үй-бүлөм менен жаратылышка чыгууга көбүрөөк аракет кылабыз. Кызым 5ке толду, жомок айтып берип, чогуу сүрөт тартып, ага көңүл буруу менин бош убактымдын жакшы учурлары.
Өзүмдү белгилүүмүн деп деле айтпайм. Кадр артында жүргөн адаммын. Социалдык тармактарда көрүп, билип жүргөн досторум мени реалдуу жашоодо көрүп калышса жылуу учурашып калышат. Келинчегим жанымда болгондо алдыман чыккандар менен учурашып калсам "сенин жаныңда жасанып жүрүш керек экен" деп тамашалап калат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.
Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.
Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт: