Министрлик орунду мелжеп
Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова Социалдык өнүгүү министрлигин жетектейт деген кеп интернет айдыңында тарап жатат. Бул маселени Facebook тармагынын колдонуучулары кызуу талкууга алышты.
Эл өкүлү өзү министр болуп баруу оюнда жок экенин билдирди.
"Министр болуп баруу деле оюмда жок. Бул боюнча сунуш да болгон эмес", — деди депутат.
Жаңы премьер-министр келеби?
"Азия News" гезити 20-октябрда чыккан санында Дүйшөнбек Зилалиев тааныш-билиштерин ортого салып премьер-министрликти көздөп жатканын жазды.
"…Дүйшөнбек Зилалиевдин амбициясы ойгонгону, Икрам Илмияновду ортого салуу менен премьер-министр болууга ашыкканы саясий интеллигенциянын тар чөйрөсүндө сөз болууда", — деп жазат аталган гезит.
"Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик комитетке жетекчи болуп бир нече ай мурун эле дайындалган. Андыктан анын премьер-министр болуу ниети жөнүндөгү чыккан маалыматтар негизсиз", — деп маалымат кызматы билдирди.
Мекеме айтылган маалыматтын чындыкка коошпой турганын баса белгиледи.