Ош: өспүрүмдү бычактап салган жаран эки айга камакка алынды

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адамдын архивидк сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 жаштагы Туратбек Айтиевдин сөөгү кечээ, 23-октябрь күнү жерге берилди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ошто 12 жаштагы Туратбек Айтиевди өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы шаар тургунунун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Эскерте кетсек, 21-октябрь күнү Ош шаарынын Гостелло көчөсүнүн жашоочусу өспүрүмдү белгисиз адам бычактап кеткени тууралуу маалымат түшүп, кылмышка шектүү катары кошунасы кармалган. 

"Ошто 12 жаштагы Туратбек Айтиевди бычактап өлтүрдү деген шек менен 22 жаштагы Нуржигит аттуу жаран Ош шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынды. Буга чейин шектүү жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген болчу", — деди Сыдыков.

Ал учурда Ош шаардык ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

12 жаштагы Туратбек Айтиевдин сөөгү кечээ, 23-октябрь күнү жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0