Кыргызстан менен Россиянын окуу жайлары кызматташуу боюнча келишимге кол койду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОбучение студентов в Бауманском университете
Обучение студентов в Бауманском университете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда КР менен РФ ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташууну жөнгө салуу боюнча III отурум өтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Свердлов облусундагы Борис Ельцин атындагы Урал Федералык техникалык Университети менен Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык Университеттин, Кыргызстан-Россия Славян университеттеринин ортосунда магистранттарды окутуу боюнча кызматташууга кол коюлду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Социалдык навигатор — абитуриенттер жана ата-энелер үчүн жаңы ресурс
Cвердлов облусу менен КР өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташууну жөнгө салуу боюнча III отурум өтүп жатат.

Жогорку окуу жайлар ортосундагы магистранттарды даярдоо келишими жогорудагы иш-чаранын алкагында кабыл алынды.

Иш-чаранын соңунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов Ельцин атындагы Урал Федералык техникалык Университетинин ректору Александра Пономаревду министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0