Сатып алынган Нива үлгүсүндөгү унаалар

Жаңы "Нивалар" эми Кыргызстандын кыйырын аралап, элге акча жеткирет

185
(жаңыланган 19:16 29.10.2016)
Сатып алынган "Нива" үлгүсүндөгү унаалар GPS навигаторлору менен толукталган, убакытты жана күндү белгилөөчү видео каттоо жана акчалай каражаттарды ташуучу атайын темир кейстер менен жабдылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада өлкөдөгү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондордогу филиалдарынын жетекчилерине инкассатордук автоунаалар тапшырылды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Автоунааларды тапшыруу салтанатына биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев катышты.

  • Передача 20 компактных инкассаторских автомашин марки  госпредприятию Кыргызпочтасы
    Бүгүн борбор калаада өлкөдөгү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондордогу филиалдарынын жетекчилерине инкассатордук автоунаалар тапшырылды.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Передача 20 компактных инкассаторских автомашин марки  госпредприятию Кыргызпочтасы
    Автоунааларды тапшыруу салтанатына биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев катышты.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Бүгүн борбор калаада өлкөдөгү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондордогу филиалдарынын жетекчилерине инкассатордук автоунаалар тапшырылды.

Маалыматта "Нивалар" "Кыргыз почтасынын" филиалдарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорунун алкагында, Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын колдоосу менен 200 миң долларга алынганы кабарланган.

"Долбоор финансылык тейлөө менеджментин жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттин ишканасынын 400 айылдык бөлүмдөрүн модернизациялоону, анын жыйынтыгында бардык аймактарды банктык тейлөөгө өткөрүү максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта. 

Абулгазиев салтанатта Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында почта тармагына ушундай көлөмдө инкассатор унааларын берүү биринчи жолу болуп жатканын айтты.

Маалыматта "Лада 2114" (Нива) үлгүсүндөгү сатылып алынган унаалар GPS навигаторлору менен толукталганы, убакытты жана күндү белгилөөчү видео каттоо жана акчалай каражаттарды ташуучу атайын темир кейстер менен жабдылганы айтылат.

185
Белгилер:
'Кыргыз почтасы' мамлекеттик ишканасы, район, Инкассатор, почта
Тема боюнча
Дзюдо федерациясы Юрий Краковецкийге автоунаа белек кылды
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

48
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

48
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!