Строительство моста жителями села Зардалы

Зардалы айылында жергиликтүү эл ашар жолу менен көпүрө салууда

277
(жаңыланган 19:54 29.10.2016)
Айылдык кеңештин депутаты ашарчылар курулуш материалдарын 5-6 чакырым алыстыктан ташып келип жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Зардалы айылында жергиликтүү эл ашар жолу менен көпүрө салып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Карабак айылдык кеңешинин депутаты Дилшат Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган жердеги көпүрөнү август айындагы суу ташкын алып кеткен.

  • Строительство моста жителями села Зардалы
    Зардалы айылында жергиликтүү эл ашар жолу менен көпүрө салып жатат.
    © Фото / Акылбек Дилшатов
  • Строительство моста жителями села Зардалы
    Аталган жердеги көпүрөнү август айындагы суу ташкын алып кеткен.
    © Фото / Акылбек Дилшатов
  • Строительство моста жителями села Зардалы
    Айылдык кеңештин депутаты ашарчылар тиешелүү курулуш материалдарын 5-6 чакырымдан ташып жатканын айтып, аларга 100 чакырым алыстагы айыл тургундары да кол кабыш кылып жатканын кошумчалады.
    © Фото / Акылбек Дилшатов
1 / 3
© Фото / Акылбек Дилшатов
Зардалы айылында жергиликтүү эл ашар жолу менен көпүрө салып жатат.

"Көпүрөнү суу алып кеткенден бери Зардалы айылынын тургундары райондун борбору менен байланышсыз калган. Тиешелүү жерлерге кат жазып отуруп, ӨКМ бир аз материал берди. Калганын эл өз чөнтөгүнөн чыгарып, ашар жолу менен көпүрө салып жатабыз. Баштаганыбызга 20 күн болуп калды. Буюрса, бир айга жетпей бүтөбүз", — деди Акылбеков.

Айылдык кеңештин депутаты ашарчылар тиешелүү курулуш материалдарын 5-6 чакырымдан ташып жатканын айтып, аларга 100 чакырым алыстагы айыл тургундары да кол кабыш кылып жатканын кошумчалады.

277
Белгилер:
көпүрө, ашар, Зардалы
Тема боюнча
Баткендин Зардалы айылына барчу көпүрөнү сел алып кетти
Зардалыда сел алып кеткен көпүрөлөр курулуп жатат
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

229
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

229
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

44
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

44
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты