ӨКМ: Таласта кырсыктаган тажик жаранына таандык фура жолго чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол жээгиндеги жүк ташуучу унаа. Архив
Жол жээгиндеги жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдон чыгып кеткен жүк ташуучу унаа бир жумадан ашуун Өтмөктө турду.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Таластагы Өтмөк ашуусунда карга тыгылып калган тажикстандык жаранга таандык фура жолго чыгарылганын ӨКМ билдирди.

Кырсыктаган унаа бир жума бою жолдо турган. Тажикстандык айдоочуларга фураны жолго чыгаруу үчүн андагы жүктү түшүрүү сунушталган. Бирок алар пломбаны бузбоо үчүн сунуштан баш тартышкан.

ӨКМ аталган унааны кечээ, 30-октябрь күнү Айыл чарба министрлигинин автокраны жана Жол-эксплуатациялык ишкананын эки грейдери чыгарганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0