Өрт чыгып каза болгон моквадагы басмакана. Архив

Москвада өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон компенсация берилди

(жаңыланган 17:06 31.10.2016)
Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан өлкө жарандары Россияда патенти жок иштей аларын эскертти.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. Москвада басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон кыз-келиндердин үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-август күнү Москва шаарындагы "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада өрт чыгып, кырсыктан 14 кыргызстандык кыз-келин каза болгон. Анын кесепетинен 11 бала жетим калган.

9-сентябрда Москва шаарында Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы Россиянын Эмгек жана коомдук жактан коргоо министрлиги, ошондой эле ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен маркум кыз-келиндердин үй-бүлөлөрүнө 300 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөө чечими чыккан.

Ошондой эле Миграция кызматы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан өлкө жарандары Россияда патенти жок иштей аларын эскертти.

Москвада болгон өрт кырсыгы боюнча түзүлгөн хронология менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Белгилер:
компенсация, басмакана, Москва
Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
Тема боюнча
Москвадагы өрт: басмакананын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат
Москвадагы өрттөн каза болгондордун балдарына стипендия төлөнөт
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
COVID-19га анализ учурунда лабораториянын кызматкери. Архив

Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды

(жаңыланган 20:52 14.04.2021)
Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы, жети мектепте 11-класстын окуучулары онлайн окууга жиберилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 9-апрелге карата Бишкекте 22 окуучу, 19 мугалимден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу жети мектепте 11-класстын окуучулары аралыктан окууга жиберилген.

Муниципалитет бүгүн,14-апрелде, шайлоо участкалары катары иштеген мектептер менен бала бакчаларда офлайн жана аралыктан окуу башталганын кабарлады. Шайлоо аяктагандан кийин дезинфекция кылуу үчүн алар бир нече күнгө жабылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, окуу башталганда 1,2,3,4,5,9 жана 11-класстардын окуучуларын кошкондо 100 миң бала мектепке барган. 1 377синин ата-энеси уул-кыздарын аралыктан окутуу тууралуу арыз жазып беришкен.

Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
мугалим, окуучу, мектеп, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин колдонгондордун саны эки миңге жетти
Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды
Коронавирустун жаңы штаммынын өлүмгө жеткирери далилденген эмес. Изилдөө
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 21:54 14.04.2021)
КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери Шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды