Кыш менен кошо Ак-Талаага келген көмүр көйгөйү: эми эл эмне болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Талаанын бир катар тургундары лицензиясы жок компанияны алып келип, аны менен бирдикте тартипти сактап, көмүр каздырып алуу ниетинде. Көмүр көйгөйү боюнча айтып берип жаткан фермер биз кыштын кыраан чилдесинде тоңуп өлөлүбү деп суроо салды.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ак-Талаа районунун борборуна эл чогулуп, "Турук" кенинин көмүрүнө жете албай жатканына нааразылыгын билдирди. Кыш күрөөнүн алдында көмүрсүз калдык дешсе, райондук администрация учурда 500 тонна Кара-Кече көмүрү даяр турганын айтууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматында "Турукта" эки — "Кенч Строй" жана "Сардар" компаниялары иштеп келген. Былтыр Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет "Кенч Строй" ЖЧКСынын лицензиясын сот чечими менен жокко чыгарган. Рынокто экинчи ишкана калган. 

Нааразычылык акциясына катышып жаткандардын бири, жергиликтүү тургун Эрнис Исаковдун айтымында, быйыл көмүр тартыш. 

"Акимчиликке барып митинг кылдык. Көмүр жок болуп, эл машине же тараза көрсө көмүр келди деп чуркачу болду. Ушул убакка чейин күттүк. 13 айыл өкмөттү эсептей келгенде бизге дагы 3000 тоннага чукул көмүр зарыл экен", — деди Исаков.

Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлү — Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Абдымалик Сулайманов көмүр сатыкта бар экенин айтты. 

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктаган сайын асмандаган көмүр. Аймактардагы баа
"Сардардын" көмүрү кечигип жаткандыгына байланыштуу биз азыр жеке администрациянын демилгесинин кийлигишүүсү менен 800 тонна көмүрдү отун менен камсыз кылган базага койгонбуз. Аны Ак-Тал айыл аймагына уюштурганбыз. Бул күндөрү 500 тоннанын тегерегинде көмүр бар. 300 тоннасы сатылып кетти. Аба ырайы өзгөргөндөн кийин бааны 2800 сомдон коюшту. Сатылып жатат", — деди.

Анткен менен жергиликтүү эл Кара-Кечеге карганда "Туруктун" көмүрүнө 15-16 жылдан бери көнүп калган, андан сырткары баасы боюнча да айырмаланат.

"Аким Ак-Тал деген жердин бурулушуна Кара-Кеченин көмүрүн төктүрүптүр. Ал бизге кымбатка түшөт. Ары жакка 40 чакырым алыспыз, тоннасын 3000 сомдон алсак, 50 литр май куйсак, 400 сомго жүктөтсөк, ошондо 4400 сом болуп жатат. Эң алыскы айылдарга алып барса, дээрлик жети миңге чыгат",— деди Исаков. 

Жергиликтүү тургун былтыр бул учурда көмүрдүн наркы 2200-2800 сомдун тегерегинде болгонун кошумчалады. 

Колунда жоктор карыз ала албай… 

Акимдин орун басары Сулайманов элдин мындай нааразылыкка чыкканын башкача өңүттө түшүндүрдү. 

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
"Беш жылдан бери "Кенч Стройду" Кылыч Исамамбетов деген жигит иштетчү. "Турукка" Ак-Талаа районунун болгон айыл өкмөттөрүнүн машинелери каттап, алар карызга алып турушчу. Эл жылдын этегинде, кийинки сезонго келгенде карызынан кутулчу. Бул жерде ошол да таасир этип кетти. Быйыл карызга көмүр алууга мүмкүн болгон жок, анткени "Сардар" 24-октябрга карата 700 тоннанын гана тегерегинде казды", — деди ал. 

Биз менен болгон маегинде активист Исаков мурдагы компанияга элди көмүр менен камсыздап берүүнү өтүнүп, кайрылганын айтышты.

"Мурда "Турукта" көмүр казып жүргөн Кылыч деген бала (Кылыч Исамамбетов – ред.) бар эле, элдин атынан кайра-кайра чакырып көмүр казып бер деп алып келдик… "Салыгын төлөңүз, РИИБден киши алып баралы, тартип болсун" дедик. Азыр ошентип турабыз. Эми айылдагылар билбейт дешеби, бул жакка да саясат аралашып кетти… Кечээ Геологиядан кишилер келгенде сурасак, лицензияга уруксат бере албайбыз дешти. Аларга биз кыштын кыраан чилдесинде тоңуп өлөлүбү деп суроо салдык", — деди жергиликтүү активист.

Ал эми Сулайманов учурда бир нече күндөн бери көмүр казылбай турганын айтты.

"Күн сууктаганда эл үшүп кетти. 50 адамдан турган комиссия "Турук" кенине барды. Казылган көмүр болгону менен, "Сардар" техникасын жакшы иштете албай, жүктөгөн экскаватору иштебей ошондон кечиктирип койду. Бирок ал кайсы күнү келип, иштетет белгисиз", — деди акимдин орун басары. 

Ал арада бүгүн Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет "Кенч Строй" ишканасынын директору Кылыч Исамамбетовдун лицензиясынан ажыратылышы анын "Ата Мекен" саясий партиясындагы ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жок деген билдирүү таратты.

ТЭЦти жаңылоо үчүн 107 млн. сомго жабдуу алынды - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦти жаңылоо үчүн 107 млн. сомго жабдуу алынды
Ал эми буга "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы атайын комиссия түзүп, маселе бир нече күндүн ичинде чечилерин билдирди. 

Жакында эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекетик инспекция экинчи лицензиянын ээси боюнча "Сардар" ЖЧКсы экологиялык жана техникалык нормаларды одоно мыйзам бузуу менен ишмердүүлүк жүргүзүп келүүдө деп кабарлаган. 

"Турук" кенинин ачылганына 15-16 жылдын жүзү болду. Аймактын шартына ылайык, күн сууктаган сайын жол каттамы, ташуу катаалдашат. Кышында сууну кечип өтүп ташыганга мүмкүн эмес. Адатта бул аймакта көмүр казуу иштери августтун аягынан ноябрдын этегине чейин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0