Жээнбековдун ашуудагы жолдордун абалына ичи чыккан жок

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу аба-ырайына же оңдоп түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлө турган болсо, калкка ЖМК аркылуу алдын ала жарыялап турууну тиешелүү органдарга буюрду.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кыш мезгилинде жолдор менен ашуулардагы кырдаалды убагында көзөмөлгө алуу тапшырмасын бергендигин анын маалымат кызматы кабарлады.

Экономика тармагы менен калктын алдыдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйыны бүгүн өткөрүлгөн. 

Жыйын учурунда премьер-министр жол тармагынын кызматкерлери асфальтка кум сеппей жатканын белгилеген. 

"Мен жеке өзүм Долон ашуусундагы жолго шагыл себилип турганын көрдүм. Мындай кылган болбойт. Бардык жолдорго кум гана себилиши зарыл", — деди Жээнбеков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу аба-ырайына же оңдоп түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлө турган болсо, калкка ЖМК аркылуу алдын ала жарыялап турууну тиешелүү органдарга буюрду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0