Түркиядагы КР студенттери ар улуттун өкүлдөрү менен Үркүндүн 100 жылдыгын белгиледи

© Фото / Арсланбек Кенжешов100-летие Уркуна
100-летие Уркуна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада "Манас" эпосунан үзүндү аткарылып, театрлаштырылган программа тартууланган. Ага кеминде 20га жакын өлкөнүн өкүлдөрү күбө болду.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Түркиянын Сакарья шаарындагы Сакарья университетинде окуган кыргызстандык студенттер 20 чакты улуттун өкүлдөрүнө Үркүндүн 100 жылдыгына арналган программа тартуулашты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын магистранты Арсланбек Кенжешов билдирди. 

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында Кыргызстан жөнүндө патриоттук чыгармалар аткарылган.

"Иш-чара ата-бабаларды эскерүү менен башталды. "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, театрлаштырылган программа тартууланды. Окуу жайдын профессору Режаи Жошкун менен магистранттар Үркүн тууралуу доклад окушту. Бул иш-чарага кеминде 20 өлкөнүн өкүлдөрү күбө болду", — деп билдирди Кенжешов. 

Программанын акырында түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү чыгып бул кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтуу менен бирге кыргыз элине тилектеш экендигин билдирген. Кенжешов мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу милдетин студенттер өз мойнуна алышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0