Илимпоздор: күнүнө бирден жумуртка жеп туруу ден соолукка пайдалуу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖумуртка. Архив
Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуртка аял менен эркекке ар кандай таасир берет. Алсак, инсультка кабылган эркектерге пайдасы көбүрөөк болсо, аялдарга тескеринче жүрөк оорулары учурунда жардам берет.

БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. Илимпоздордун иликтөөсүндө күнүнө бирден желген жумуртка мээдеги кан тамырлардын жакшы иштөөсүнө алып келет. Бул тууралуу жазган Journal of the American College of Nutrition басылмасына РИА Новости таянып билдирди. 

Окумуштуулар ар түрдүү тамак-ашты, анын ичинде жумуртканы иликтеп көрүшүп, анын адамдын ден-соолугуна, жүрөктүн иштөөсүнө жана тамырларга пайдалуу экенин аныкташкан. 

"1982-2014-жылдар аралыгында 300 дөн ашуун америкалыктардын ден-соолугуна жүргүзүлгөн байкоо күнүнө бирден жумуртка жеп туруу жүрөк кан тамыр ооруларынан, инсульттан алдын аларын далилдеди", — деп айтылат маалыматта.

Жумуртка аял менен эркекке ар кандай таасир берет. Алсак, инсультка кабылган эркектерге пайдасы көбүрөөк болсо, аялдарга тескеринче жүрөк оорулары учурунда жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0