Азаптуу карыя: акыркы демиме чейин майып балдарымды таштабайм

© Фото / Зульфия ТургуноваЖизнь и быт семьи Калыковых в селе Колдук
Жизнь и быт семьи Калыковых в селе Колдук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдын тагдыры өзгөчө азаптуу экен. Чырактай болгон төрт баласы биринин артынан бири чарчап, акыры байбичесинен ажыраган аксакалдын мойнунда учурда майып уулу менен майып кызынын түйшүгү турат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Туулгандан бери төшөктөгү 45 жаштагы кызы Гүлмира менен 28 жаштагы уулу Алтынбекти 63 жаштагы аксакал даарат ушаттырып, кашыктап тамак берип багып келет. Бул адам Өзгөн районунун Көлдүк айылында жашайт. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аталган аксакалга жолугуп, азыркы абалын билип келди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКөлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков 28 жаштагы уулу Алтынбек менен
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков 28 жаштагы уулу Алтынбек менен - Sputnik Кыргызстан
1/4
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков 28 жаштагы уулу Алтынбек менен
© Фото / Зульфия ТургуноваКөлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков Жалал-Абад шаарындагы соода колледжинин эсеп (бухгалтерия) адистигин аяктаган.
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков Жалал-Абад шаарындагы соода колледжинин эсеп (бухгалтерия) адистигин аяктаган. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков Жалал-Абад шаарындагы соода колледжинин эсеп (бухгалтерия) адистигин аяктаган.
© Фото / Зульфия ТургуноваЖубайы Саадат Калыкова 28 жаштагы майып уулу Алтынбек менен
Жубайы Саадат Калыкова 28 жаштагы майып уулу Алтынбек менен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жубайы Саадат Калыкова 28 жаштагы майып уулу Алтынбек менен
© Фото / Зульфия ТургуноваСаадат Калыкова 45 жаштагы кызы Гүлмира менен
Саадат Калыкова 45 жаштагы кызы Гүлмира менен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Саадат Калыкова 45 жаштагы кызы Гүлмира менен
1/4
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков 28 жаштагы уулу Алтынбек менен
2/4
Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков Жалал-Абад шаарындагы соода колледжинин эсеп (бухгалтерия) адистигин аяктаган.
3/4
Жубайы Саадат Калыкова 28 жаштагы майып уулу Алтынбек менен
4/4
Саадат Калыкова 45 жаштагы кызы Гүлмира менен

Көлдүк айыл өкмөтүндө туулуп, ушул аймакта жашап келе жаткан Сулайман Калыков Жалал-Абад шаарындагы соода колледжинин эсеп (бухгалтерия) адистигин аяктаган.

Жубайы Бүайша Манапова менен 1970-жылы баш кошуп, бир жылдан соң тун кызы Гүлмира Жакыпова төрөлөт. 

"Аялым көз жараар мезгили келип калганда жергиликтүү ооруканадан дарыгерлер өзү төрөй албай турганын айтып, райондун борборуна жиберишти. Ал жактан да операция жолу менен төрөтө тургандыктарын айтышты. Аялым операциядан чыкпай калбасын деп коркуп, макул болбой койдум. Алардын айтканына көнсөм, кызым эсен-соо төрөлөт беле деп арман кылам. Аялым өзү төрөй албагандыктан дарыгерлер вакуум аппараты менен сордуруп алуу жолу аркылуу төрөтүп, 1971-жылы ноябрда тун наристебиз Гүлмира жарыкка келди ", — деп сөзүн баштады Сулайман аксакал. 

Ал аталык кубанычы көпкө узабай, кызы тубаса майып болуп калганын угат. Дарыгерлер вакуум аппаратынын жардамы "тийип", "баланы сордуруп алып жатканда мээси суюлуп доо кеткендигин" угузушат. 

"Кызымдын бала кезинде тили чыгып сүйлөгөн да жок. Баса да албады, жашоонун жыргалчылыгын да көргөн жок. Учурда 45 жашта. Жаш балача даарат ушаттырып, тамак ичиргенге туура келет. Учурда биринчи топтогу майып. Көрсөтпөгөн дарыгерим калган жок, "тубаса шал оорусуна чалдыккан" деп аныктама беришти", — дейт кейиген ата. 

Какаганга муштаган…

Кызынын азабын тартып келген атанын 28 жаштагы уулу да биринчи топтогу майыпка айланып бир орунда, төшөктө жатат. 

"28 жаштагы уулумду да аялым вакуум аппараты менен төрөгөн. Анын да баш мээсине доо кеткендиктен баса албай калды. Кызыма кошуп уулум да ушул абалда. Башка салганды көтөрбөскө аргам барбы?" — деди улутунган Калыков. 

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
Ал майып кызынын өтө оор оорусу жок экенин, ал эми уулу Алтынбектин талмасы бардыгын айтып берди. 

"Талмасы кармап калганда тилин чайнап, өң-келбеттен кетип, титиреп калат. Анын кыйналганын көрүп, "жоготуп аламбы" деп жанымды коерго жер таппайм. Райондун борборунан 60 чакырым алыстыкта, тоолуу айылда жашайбыз. Өзүмдө унаам, айылда болсо Тез жардам кызматы жок. Облустун борборунан 100 чакырым алыстыктабыз. Эки майып балам ооруп калганда дарыгерлерге жеткирүү өтө кыйын", — деди карыя. 

Каза болгон төрт перзент 

Аксакал тагдырдын бул сыноосу аз келгенсип, башка төрт перзенти каза болуп калганын айтып берди. 

"Үч кызымдан, бир уулумдан ажырап калдым. Элмира аттуу кызым алты жаш курагында 1981-жылы Көлдүк суусуна агып кетип каза болду. Назгүл аттуу кызым 1984-жылы 7 жашка чыкканда оорудан улам көз жумду. 1987-жылы төртүнчү кызым Айтолкунду бир жашка толгондо кызамык илдети алып кетти. 1994-жылы Сексенбай аттуу уулум эки жашында менингиттен чарчап калды. Балдарымдын күйүтүнөн аялым кан басымы көтөрүлүп, боору эхиноккоз илдетине чалдыгып 2007-жылы бизди таштап кете берди", — деди ал. 

Экинчи ирет Саадат аттуу аялга үйлөнүп, учурда 59 жаштагы жубайы кан басымы көтөрүлүп, жакында сол көзү көрбөй калыптыр. Экинчиси да начарлап, I топтогу майыптыкка чыккан экен. 

Өзүнүн баласынан таяк жеп көчөдө калган эненин муңу - Sputnik Кыргызстан
Өзүнүн баласынан таяк жеп көчөдө калган эненин муңу
Сулайман аксакал экинчи жубайы тогуз жылдан бери өгөйлүгүн кылбай, өз баласындай кылып, эки майып баласын тамактандырып, тосуп, алардын түйшүгүнө чыдап жашап келе жатканына ыраазы экенин айтат. 

"Инсультка чалдыгып, 20 күн эч нерсени сезбей жаттым. Күйүт ден соолукту алды. Өткөн жылы үйдөн эсимди жоготуптурмун. Беш күндө өзүмө келдим. 20 күндөй төшөктө жатып, араң таяк таянып кыймылга келдим. Же даана сүйлөй албайм. Эми-эми басканга жарап калдым", — деди ал.

"Көзүмдүн тирүүсүндө акыркы демиме чейин балдарымды таштабайм"

Бул азаптын баары аксакалды II топтогу майыпка айлантыптыр. Саламаттыгынан коркуп, көзүм өтсө балдарымды ким карайт деп санаасы сан. 

"Көзүмдүн тирүүсүндө акыркы демиме чейин балдарымды таштабайм. Балдарымдан таштап чыга албагандыктан майыптыкка алган жөлөк пулдун көзүн карап, күн кечиребиз. Шарты жок, эки бөлмөлүү үйдө турабыз. Айыл райондун борборундагы ооруканалардан алыс болуп балдарым ооруп калганда, өз учурунда ооруканага жетип баруу кыйынчылык жаратып жатат. Ошондуктан менин тагдырыма кайдыгер карабай, бийлик Өзгөн шаарына жакын жерден жер тилкесин бөлүп берүүгө көмөктөшөөр бекен?" — деди аксакал муңайым.

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Буга чейин ал Өзгөн районунун акимине кайрылса, аткаминер "жардам бере албастыгын" айтыптыр. 

"Өзгөн районунан чыккан жетекчилер, эл өкүлдөрү Аалы Карашев менен Курманкул Зулушевге силер аркылуу кайрылууга аргасызмын. Дарыгерлерге жакын болуш үчүн жерге эки бөлмөлүү болсо да эптеп үй салып алмакмын", — деп кайрылды аталган кишилерге майыптардын атасы.

Боор этинен чыккан майыптары менен жакындарынын азабына сугарылган бул адамдын үнүн угар атка минер чыгар бекен?

Жаңылыктар түрмөгү
0