Ак-Талаада 600 га жерди сугара турган суу тосмо курулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь в селе Джалал-Абадской области
Жизнь в селе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев бир күндүк жумуш сапары менен Нарын облусунда болду.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Ак-Сай айылындагы башкы суу тосмо курулмасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абулгазиев өз сөзүндө аталган суу тосмо 600 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылып, келечекте бул аянтты этабы менен кеңейтүү каралып жатканын белгиледи.

"Башкы суу тосмо курулмасын ишке киргизүүнүн натыйжасында айдоо жерлерин суу менен камсыздоо бир топ жакшырат. Айыл чарба тармагында жер суугарууга багытталган ашыкча чыгымдар кыскарат. Жаңы канал суу менен гана камсыздабастан, Нарын облусунда суу камсыздоо тармагын өнүктүрүүгө салым кошот", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган объект 2013-2017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына кирип, анын жалпы сметалык наркы 112 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0