Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өзүнүн аймагына 25 кайың тикти

© Фото / посольство КР в РФПосольство Кыргызстана в России посадили 25 саженцев
Посольство Кыргызстана в России посадили 25 саженцев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтен ишембилик сыяктуу мындай жамааттык иш-чаралар жалпы кызматкерлер үчүн салттуу бир ынтымакка айланып жатканын билдиришти.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өзүнүн аймагында ишембилик өткөрүп, андан сырткары 25 кайың отургузду. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты.

Иш-чара элчиликтин кызматкерлери тарабынан, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын белгилөөнү улантуу, аймакты жашылдандыруу максатында уюштурулган.

"Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери аймактын короосуна символикалык сан катары 25 кайыңдын көчөтүн отургузушту", — деп жазылат маалыматта. 

Элчиликтен ишембилик сыяктуу мындай жамааттык иш-чаралар жалпы кызматкерлер үчүн салттуу бир ынтымакка айланып жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0